Биометрикалык паспортторду берүү күзгө чейин созулушу мүмкүн

Биометрикалык паспортторду берүү күзгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда электрондук чиптер боюнча иштер аткарылууда, буга зарыл жабдуулар да бар.

 

Бирок паспортко лазер менен маалымат түшүрүү боюнча маселе чечиле элек. Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынан биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү 1-майда башталат деп жарыялашкан.