Баткен облусунда кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалда жалпысынан  1,3 миллиард сом чыгым келтирилди

Баткен облусунда кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалда жалпысынан  1,3 миллиард сом чыгым келтирилди. Бул тууралуу Аймактын өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди. Анын айтымында, 140 үй, 8 коомдук имарат, 76 коммерциялык жай өрттөлгөн.

 

Үйлөр кайра курулуп, ишкерлерге үстөксүз, күрөөсүз насыя берилип жатат. Жарактан чыккан мамлекеттик стратегиялык жолдор кайра калыбына келүүдө. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда 36 адам каза тапты. 180ден ашык киши жабыркаган.