Ички иштер министрлиги жол кыймылынын жаңы эржелерин иштеп чыкты

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын жаңы эржелерин иштеп чыкты. Ведомстводон белгилешкендей, азыркы таптагы редакция 1999-жылы жазылып, моралдык жактан эскилиги жетип калды.

 

Алсак, анда көптөгөн заманбап түшүнүктөр жок, ал эми аларды өз-өзүнчө кошуу техникалык жактан мүмкүн эмес. Жаңы эрежелерге автобус, унаа, веломобиль, велосипед жолчолору, газон, гибрид унаасы жана гироскутер түшүнүктөрү киргизилет. Долбоорду ишке киргизүү менен жол кырсыктарын азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт, — дешти Ички иштер министрлигинен.