Тажикстан менен чек арада абал туруктуу

Тажикстан менен чек арада абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, чектеш аймактар аскер кызматкерлеринин көзөмөлү алдында.

 

Эске салсак, кечээ Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тарабынан ок атуулар болду. Ок аймактык оорукананын экинчи кабатында терезени жарып өттү. Жабыркагандар жок. Учурда иликтөө жүрүүдө.