Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти

Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти. Ал бул орунду туура 10 күн ээледи. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, 3 жыл Ошту жетектегенден кийин Бишкекке чоң пландары менен келгенин билдирди.

 

Сарыбашов мэрликтен кетип жаткандыгында саясат жок экенин белгилеп өттү.

 

Буга башка жеке себептер бар, — деди чиновник.