Январь-февраль айларында жөнөкөйлөтүлгөн система боюнча 2 миллиард  173 миллион сом салык чогулду

Январь-февраль айларында жөнөкөйлөтүлгөн система боюнча 2 миллиард  173 миллион сом салык чогулду. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 268 миллион сомго көп.

 

Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. 1-мартка карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841 субъектке көп.