Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган объектилерге 89 миң сом айып салынды

Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган объектилерге 89 миң сом айып салынды.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.

Анын айтымында, облус аймагындагы базарлар жана башка жерлерде текшерүү иштери жүрүүдө.

Санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге айып салынууда.