Ушул жылы Бишкекте 54 билим берүү мекемеси оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Бул үчүн “Капиталдык курулуш” башкармалыгы сынак жарыялайт.
Тизме боюнча 38 мектеп, 14 бала бакча жана балдардын чыгармачылык
2 борбору бар. Анда мекемелердин жылуулук системасы жана
чатырын оңдоого басым жасалмакчы.
Ошондой эле ички суу тармактарын жаңыртуу бар.