Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы түзүлгөн коалициянын катышуусу менен бүгүнкүгө, 24-ноябрга пландалган алгачкы сессия болгон жок. «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев «Азаттыкка» үч фракция кирген коалиция өткөн аптада түзүлгөнүн билдирди:

 

«КСДП, «Республика — Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» коалиция түзүшкөн. Бүгүн сессияда расмий айтылышы керек болчу. Депутаттардын көбү ооруп келбей калгандыктан сеccия 2-декабрга калды».

 

Шаардык кеңеште беш фракция бар. Буга чейинки коалициянын курамында «Республика — Ата Журт», КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары болчу. 19-ноябрда «Республика — Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» анын курамынан чыкканын жарыялашкан.