Марттан тартып ордо калаадагы көчө шыпыргычтардын маянасы 40 пайызга жогорулайт.
Белгилеп келсек, бүгүнкү күндө алардын айлыгы 8 миң сомдон 25 миң сомго чейин.
Ошондой эле ишинин жыйынтыгына жараша өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ай сайын айлыгынан тышкары,
түрткү берүүчү 30 пайыздык сый акы ыйгарылат, — дешти “Тазалык” ишканасынын басма сөз кызматынан.
Андан тышкары, ишкананын айымдарына 8-мартка карата дагы сый акы берилет.