Кыргызстанга чет өлкөдөгү мекендештердин кезектеги тобу жеткирилди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандар Бишкек жана
Ош шаарындагы аба майданга келип түштү. Жалпысынан 320 кыргызстандык
Москвадан кайтарылды. Аларга карата чартердик каттам уюштурулду.