Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунда талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин калыбына келтирилет.
Буга президент Садыр Жапаров ишендирүүдө. Ал “Кабар” агенттигине билдиргендей, жыл аягына чейин социалдык объектилер, турак-жайлар ондолот, буга казнада каражат жетиштүү. Андан тышкары, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү жардам көрсөтүлөт, — деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, Тажикстан 16-сентябрда Баткен, Ош облусуна куралдуу кол салды. Жыйынтыгында, 59 адам каза тапты. Аймакта чукул кырдаал режими киргизилген.