Мигранттардын балдарына жөлөк пул берилбейт

Мигранттардын балдарына жөлөк пул берилбейт.

Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, буга чет өлкөлөрдө иштеген жарандардын кирешеси аныкталбай жатканы себеп.

Учурда республикада 800 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду 16 жашка чыга элек 313 миң бала алат.

Былтыр ал 308 миң балага берилген, — деди министр.