Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 137 адам ооруканада дарылануусун улантууда

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 137 адам ооруканада дарылануусун улантууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 198 жаран ар кандай жарааттарды алып, медициналык жайларга жеткирилген. 61и үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

 

Белгилеп кетсек, аймакта 4 көчмө клиника кыдырып, 16 медициналык бригада жардам көрсөтүүдө.

 

Алардын курамында 100дөн ашык хирург, травматолог, психиатр, педиатр, акушер-гинеколог адистери бар.