Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын жер тилкелери мыйзамдаштырылды

Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын жер тилкелери мыйзамдаштырылды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, аталган аймактагы муниципалдык менчикте турган 47 гектар жер

калктуу конуш макамына ээ болду. Буга байланыштуу каржы министрлигине республикалык

бюджеттен көрсөтүлгөн аймакка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу

үчүн 5 миллион сом бөлүү тапшырмасы берилди.