Баткен облусунун Лейлек районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Мектепке чейинки балдар мекемеси Кулунду айылында жайгашкан.
Имараттын курулушу 2019-жылы башталган.
Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы 42 миллион сомду түздү.
Акча мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Учурда бала бакчада 13 тарбиячы эмгектенип, үч жүздөн ашык бала билим алууда.