Билим берүү салттуу негизде башталса мектептердеги алгоритм сакталышы керек

Билим берүү салттуу негизде башталса мектептердеги алгоритм сакталышы керек.

Аны эч ким жокко чыгарган жок. 24 агенттигине ооруларды алдын алуу департаментинен

билдиришкендей, окуучулар беткап тагынып, колдорун тез жууп, антисептик колдонушу керек.

Ар бир сабактан кийин класстарды желдетип, полдорду, эшик кармагычтарын атайын

аралашма менен жууп туруу шарт. Ошондой эле окуучулардын ортосундагы аралык

сакталып, жык толгон класстарды бөлүп окутуу керек. Белгилеп кетсек, быйылкы

окуу жылы оффлайн форматта 15-сентябрда башталат.