Баткен шаарына көп кабаттуу үйлөр курулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, калаанын Султанмурат миңбашы
көчөсүндө 9 кабаттуу 2 үй тургузулат. Андан тышкары, Чет-Булак
кварталына дагы түркиялык жеке ишкер тарабынан 9 кабаттуу 50 үй,
бала бакча, эс алуу багы менен шаарча пайда болот. Бул турак
жайларды жарандар ипотекалык негизде жана түз келишим менен
ала алышат. Учурда жер бөлүштүрүү процесси жүрүп жатат.