Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттоо жолунда.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, күн сайын көзөмөлгө
алынган 13 товардын баасы бир айда өскөнү байкалды. Алсак, барынан
көп сүт кымбаттады. Учурда эң жогорку баа Жалал-Абадда – литри
65 сом болсо, эң минималдуу баа Ноокатта – литри 35 сомдон сатылууда.
Анын ортосунда уй, кой эти, буудай, күн карама майы бир аз арзандаганы байкалды.