Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду.
Бул тууралуу Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билиришти.
Маалыматка караганда, 2 кабаттуу мектепке чейинки тарбиялоо имаратынын курулушу
республикалык бюджеттин эсебинен 45 миллион сом сарпталды.
Учурда курулуш иштердин соңку этабы уланууда, жакынкы арада бала бакча пайдаланууга берилет.