Ош шаарында 31-августта 2 бала бакча пайдаланууга берилет.
Калаа мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров novosti.kgге билдиргендей,
мекемелер Амир Темур кичирайонунда 100 орундуу жана Юго-Восток кичирайондорунда
120 балага чакталат. Мектепке чейинки даярдоо мекемелеринде балдар үчүн бардык шарттар каралды.
2 бакчанын курулушуна жалпысынан 47 миллион сом сарпталды.
Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.