Баткенде карантиндик лабораториянын курулушу башталды

Баткенде карантиндик лабораториянын курулушу башталды.

 

Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, лаборатория ата мекендик жана импорттук материалдардын үлгүлөрүн экспертизадан өткөрөт.

 

Бул ишкерлердин жүгүн бир топ жеңилдетет, анткени учурда продукция Ошто гана текшерилет. Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтөт деп пландалууда.