Кытай «бир үй-бүлө — бир бала» саясатынан баш тартат

Кытайда калктын санын көбөйтүү максатында көп жылдык «бир үй-бүлө — бир бала» саясатынан баш тартат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Пекинде 2021-жылдан 2025-жылга чейин демографиялык саясат жүргүзүү күтүлүүдө. Аталган саясат балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүүгө багытталат.

 

Кытайда «бир үй-бүлө — бир бала» саясаты 1978-жылы киргизилген. Мында бир үй-бүлө бир гана балалуу болууга укуктуу болгон. Андан соң, 2016-жылы бул саясат жеңилдетилип, бир үй-бүлөгө 2 балалуу болууга уруксат берилген. Буга карабастан акыркы жылдары балдардын төрөлүшүнүн саны кескин кыскарып кеткен. Мындан улам аталган өлкөдө демографиялык саясат жүргүзүү пландалууда.

 

«Калктын улгайып кетишине каршы күрөшүү үчүн тез аранын ичинде үй-бүлөдө балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүү пландалууда«, — деп жазылат маалыматта.