Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 24 миңден ашык адам тартылат

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 24 миңден ашык адам тартылат. Бул тууралуу биздин радиого Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын бардыгы менен келишим түзүлдү.

 

Каттоочулар 10 күн бою өлкөнүн бардык аймактарынан маалыматты чогултушат. Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо 23-мартта башталып, 1-апрелге чейин созулат.