Катуу сууктан кийин Бишкекке жылуу күндөр кайтып келет

Катуу сууктан кийин Бишкекке жылуу күндөр кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба табы акырындап бүгүн көтөрүлүп, жума күнү мамычалар +9 градусту көрсөтөт.

 

Бирок ишембиде кайрадан суук түшүп, кар жаайт. 2-3 күн кыштын аба-ырайы турукташып, дүйшөмбүдө кайра күн жылыйт. Адистердин айтымында, температуранын ушундай серпилүүсү кышы бою уланат.