Баткенде куюндун кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,
30-апрелге караган түнү Лейлек районунда ылдамдыгы секундасына
33 метрге жеткен шамал катталды. Куюндун кесепетинен 7 мектептин,
33 үйдүн жана 15 чарба курулуштун чатыры талкаланды. Адамдар
жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Учурда ведомствонун
аймактык бөлүмү жаратылыш кырсыгынан келтирилген чыгымды эсептеп жатат.