Кыргызстандыктар майда канча күн эс алат?

Кыргызстандыктар майда канча күн эс алышарын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен айтып беришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 5 жана 9-май иш күндөрү эмес. Улуу Жеңиш күнү дем алышка туура келгендиктен

10-май, дүйшөмбүдө кыргызстандыктар жумушка чыгышпайт. Белгилеп кетсек, 1-май эмгек күнү дагы өлкөдө кызыл датага кирет.

Бирок ал күндүн эсебинен өлкө кызматкерлери 8-январда эле эс алып коюшкандыктан, аталган күн эс алуу күнү болбойт.

Ошондой эле майда орозо айтка карата кошумча эс алуу күнү белгиленет.