Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу иштери 2 багытта жүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, биринчиси капиталдык курулуш,
калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыт атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча.
Жер-Үй дарыясынын ташкын сууларынан коргоо максатында 4 суу дарбазасы курулду,
андан тышкары 3 объектиде иштер башталды. Жыйынтыгында 149 турак-жай, 1 мектеп,
ФАП, айылдык клуб, айдоо аянттары корголот.