Баткен облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өттү.
Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Курултайда негизинен аялдарга карата зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык күчтөндүрүүсү жана аймактардагы саламаттык сактоо, экология сыяктуу маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Бул иш-чара облустун прогрессивдүү лидер аялдарын бир аянтчага чогултуу менен,
— өз ишинин мыктысы болгон лидер аялдардын башын бириктирүү;
— аялдарга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү;
— лидер аялдардын кызматташтыгы үчүн аянтча түзүп берүү;
— аялдардын лидерлигин, тилектештигин өнүктүрүү;
— аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатууга салым кошуу максатын көздөйт.