Калкты тейлөө борборлорунда «сырдуу кардар» долбоору ишке кирди

Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлорунда «сырдуу кардар» долбоору ишке кирди.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

“Сырдуу кардарлар” күн сайын бардык Калкты тейлөө борборлоруна жөнөкөй жаран болуп, эч кандай эскертүүсүз барат.

Анын алкагында коррупциялык факторлор аныкталып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырат деп күтүлүүдө.

Ошондой эле административдик жолтоо, санариптик кызмат көрсөтүүдөгү жаралган терс көрүнүштөргө тиешелүү органдар тарабынан бөгөт коюу боюнча сунуштар иштелип чыгып, анын негизинде конкреттүү чаралар көрүлөт.