Май куюу станцияларына 1-июлга чейин автоматтык эсептөө системасы орнотулбаса, ишмердүүлүгү токтотулат

Май куюу станцияларына 1-июлга чейин автоматтык эсептөө системасы орнотулбаса, ишмердүүлүгү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан эске салышты.

 

Андан белгилешкендей, 1-июлдан тартып күйүүчү майды кассалык аппараттар болгон учурда гана сатууга болот. Мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдын жүгүртүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн киргизилдүүдө.

 

Учурга карата 400дөн ашык май куюу станцияларында автоматтык система орнотулду, — дешти салык кызматынан.