Баткенде медициналык окутуу жана дарылоо борборунун курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров борбордун пайдубалын түптөөгө катышты. Курулушка тышкы инвесторлор 93 миллион сом бөлүп берет, андан тышкары жабдууларга 100 миллион сом каралууда, — деди өлкө башчы.
Медициналык борбор 2 жылда курулуп бүтөт деп пландалууда.
Келечекте мындай объектилер өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.