Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси жыл аягына чейин даяр болот

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси жыл аягына чейин даяр болот. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев билдирди.

 

Анын айтымында, темир жолдун биздин өлкөгө тиешелүү тилкеси Торугарт — Макмал — Жалал-Абад каттамын бойлой түшүрүлөт.  Белгилеп кетсек, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу — ири долбоор. Анын курулушу бир нече жылдан бери талкууланып, бирок техникалык-экономикалык негиздемеси жакында эле иштелип баштады.

 

Эл аралык каттам Кытай менен Азияны, андан ары Европаны байланыштырат деп күтүлүүдө.