Баткендиктерге жеңилдетилген насыя берилет

Баткендиктерге жеңилдетилген насыя берилет.  Улуттук банк Баткен облусунда ишкердик жүргүзгөндөрдү жана тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган тургундарды колдоо максатында жеңилдетилген шартта насыя берүү токтомун кабыл алды.

 

Ага ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, кичи каржылык уюмдарга жана “Кепилдик фондуна” Баткенде ишкердик жүргүзгөн насыя алуучулардын насыя алууга табыштамаларын артыкчылык берип кароону сунуштайт.

 

Андан тышкары, насыялык рейтингдин негизинде берилген кредиттин өлчөмү көбөйтүлүп, керектөө акчаларын берүүдө алуучунун орточо айлык кирешесине болгон катышы кайра каралып чыкты.