Кыргызстандагы банктар 46 миң адамдын кредит төлөө мөөнөтүн үч айга узартты

Кыргызстандагы банктар 46 миң адамдын кредит төлөө мөөнөтүн үч айга узартты.

Вице-премьер министр Эркин Асрандиев билдиргендей, мөөнөтү узартылган

насыялардын суммасы 52 миллиард сомду түзөт. Эске салсак, коммерциялык

банктарга ишкерлерге жеңилдик берүү боюнча тапшырмалар берилген.

Муну менен бирге насыяларды төлөө мөөнөтүн үч айга жылдыруу жана

убагында төлөй албай калгандарга айып салууга тыюу киргизилген.