Кыргызстанда пенсиялар өз убагында төлөнөт

Кыргызстанда пенсиялар өз убагында төлөнөт.

Novosti.kgге Социалдык фонддон билдиришкендей,

пенсионерлерге төлөмдөр, болжолдуу түрдө келаткан дүйшөмбүдөн тартып берилип баштайт.

Ведомстводон белгилешкендей, ушул айдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу

бөлүмү жогорулайт. Учурда кайра эсептөө иштери толук аяктады. Орточо эсеп менен акча

397 сомго көбөйүп, 6 миң 61 сом болот. Алдын ала эсептөөлөр менен

1-октябрга карата пенсионерлердин жалпы саны 689 миң адамды түзөт.