Россия Кыргызстанга 200 топтом тест-система берет

Россия Кыргызстанга 200 топтом тест-система берет.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Ага караганда, коронавирусту аныктоочу медициналык жабдуулар

Кыргызстанга жардам иретинде бекер берилип, эртең өлкөгө жеткирилет.

Аны менен коронавирусту аныктоо үчүн 20 миң анализ алууга мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин биздин өлкөгө Кытай жана

Япония өлкөлөрүнөн да тест-системалар келген.