Баткенге гумжардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү

Баткенге гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү.

Президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү активисттерден жана ыктыярчылардан куралды.

Ар бир жумушчу топ гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлгөн жери жана күнү, которулган жардамдын иш жүзүндөгү көлөмү жана бөлүштүрүлбөгөн гумжардамдын калган калдыктары тууралуу маалыматтарды камтыган протокол түзөт.

Бүгүнкү күндө Баткен облусуна 1 миң 53 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.