Ош шаарында эртең жалпы ишембилик өтөт

Эртең, 31-октябрь күнү Ош шаарында муниципалдык мекеме-ишканалардын, шаар тургундарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана жеке ишканалардын катышуусунда жалпы ишембилик өтөт.

 

Ош шаардык мэриясы эртеңки ишембиликке жарандарды активдүү катышууга чакырат.

 

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аралыкты сактап, беткап тагууну унутпаңыз! Коммуналдык кызмат тарабынан таштандыларды алып чыгып кетүүгө жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.