Баткен облусунда ички каттамдар калыбына келтирилди

Баткенде облус менен райондорду жана айылдарды байланыштырган ички каттамдар калыбына келтирилди.

Куралдуу кагылышуу учурунда жабыркаган жолдор жана көпүрөлөр Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан жөнгө салынып, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 14-17-сентябрь аралыгында Тажикстан Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салган.

Анын натыйжасында 59 адам мүрт кетип, 198и жарадар болду.