Бишкекте кезектеги ирет айыл чарба жарманкеси өтөт.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей,
жарманке 13-14-февралда Түштүк Магистраль — Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө өтөт.
Анда азык-түлүктүн баасы базар баасынан 10-15%га төмөн сатылат. Анда шаардыктар
эт, сүт азыктарын, жашылчаларды дүң баада сатып алса болот.