Бийлик “Асман” шаарын куруу үчүн үч миң гектардан ашык жерди трансформациялады

Бийлик “Асман” шаарын куруу үчүн үч миң гектардан ашык жерди трансформациялады.

Бул тууралуу “Economist” басылмасы айыл чарба министринин орун басары Марат Раматовго шилтеме берүү менен билдирди.

Эске салсак, бийлик Балыкчыга жакын жерде “Асман” деп аталган шаар курууну көздөп жатат.

Анда дээрлик 500 миң адам жашайт деп болжолдонууда, бул Ысык-Көл облусунун калкынан көп.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 20 миллиард доллар керектелет.