Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын эң мыкты голу аталды

Ришарлисон дүйнө чемпионатында эң мыкты голдун автору аталды.

Биринчи турдун беттешинде бразилиялык оюнчу өзү аркылуу Сербиянын курама командасынын дарбазасына топ киргизди.

Добуш берүүдө Ришарлисон Неймар, Килиан Мбаппе, Энцо Фернандес жана башка оюнчулардын голдорунан озуп чыкты.

Эске салсак, Бразилия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыгып, Хорватияга пенальтилер сериясында утулуп калган.