Бийлик аткезчилик үчүн жазаны күчөтүү ниетинде

Бийлик аткезчилик үчүн жазаны күчөтүү ниетинде. Кылмыш кодексине жана Тартип бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин профилдик комитети кароого алып, жактырды.

 

Демилгечилер бажы төлөмүн 2 эселеп төлөгөндөрдү кылмыш жазасынан бошотуу нормасын алып салууну сунуштады. Андан тышкары, контрабанда ташылган унаалар конфискацияланат. Акыркы чечим Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 3 окууда жактыргандан кийин кабыл алынат.