“Сосновка” өткөрүү түйүнү кыймылга ачык

“Сосновка” өткөрүү түйүнү кыймылга ачык. Бизге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жеңил унаалар менен бирге жүк ташуучу машинелер дагы түйүн аркылуу тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө.

 

Бирок айдоочуларга аба-ырайынын шарттарынан улам тоолуу трассаларда кыймыл татаалданып жатканын эске алып, жол эрежелерин бузбай, тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап, этият болуу сунушталат.