Бишкектин муниципалдык автобус жана троллейбустарында 1-июлдан тарта накталай төлөм системасы жоюлат

Бишкектин муниципалдык автобус жана троллейбустарында 1-июлдан тарта накталай төлөм системасы жоюлат. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, жүргүнчүлөр жол кирени бир гана “Тулпар” картасы менен төлөшү керек болот. Белгилеп кетсек, картаны “Кыргызпочтасы” бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде же айдоочулардан сатып алса болот. Баасы – 50 сом.