Кыргызстандын 28 калк жашаган түйүнүнө айыл макамы берилиши күтүлүүдө

Кыргызстандын 28 калк жашаган түйүнүнө айыл макамы берилиши күтүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралып жатат. Ага ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы айрым түйүндөрдүн макамы өзгөрүлөт.

 

Жергиликтүү башкаруу жана этникалык мамилелер мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда бири бирине өтө жакын 124 калк жашаган түйүн бар, аларды бириктирип, айыл  макамын берүү каралууда.