Бишкектин бир бөлүгүндө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү.

Мэриянын маалыматына караганда, бүгүн таңкы саат 9дан тартып

“Бишкек жылуулук энерго” авариялык жумуштарга байланыштуу

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө, 6-бейтапканада,

медакадемиянын жатаканасында жылуулукту өчүрүп турууга аргасыз болду.

Ошондой эле жылуулук жана ысык суу Панфилов, Абай, Малдыбаев,

Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жок болот. Мэрия жаралган ыңгайсыздык

үчүн кечирим сурайт. Жылуулук берүү иштер аяктаар замат калыбына келет.