Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоого азыркы депутаттар дагы катышса болот

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоого азыркы депутаттар дагы катышса болот. 24.kg агенттигине БШКдан билдиришкендей, мыйзамда эч кандай чектөө жок.

 

Бирок мандат үчүн партиялык тизменин негизинде өткөн эл өкүлү гана ат салыша алат.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин 7-чакырылыштагы депутаттардын бири Биринчи Май шайлоо округу боюнча талапкерлигин коюу ниетин билдирген. Бишкектин эки округундагы кайра шайлоо 27-февралда өтөт.