Бишкекте COVID-19 жана пневмониянын көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт

Бишкекте COVID-19 жана пневмониянын көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

 

Ал белгилегендей, эпидемиялык абал курч, бирок туруктуу бойдон калууда. Чектөөлөрдү киргизүү каралган жок, бирок жарандар санитардык нормаларды сактап жүрүшү кажет.

 

Эске салсак, бүгүн Бишкекте 13 мамлекеттик жана 3 жеке менчик мектеп онлайн окутууга өттү. Эки бала бакча карантинге жабылды.